Түркия Азербайжанга көңүл айтты

Кырсыкка учураган аскердик тик учакта шейит болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсү жарыяланды.

1740886
Түркия Азербайжанга көңүл айтты

Азербайжанда Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик тик учагы Хызы аймагында кырсыкка учурады. Кырсыктан 14 аскер шейит болуп, 2 аскер жаракат алды.

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматы кырсыктын «Карахейбет» полигонунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.40 чамасында болгонун билдирди.

Жетекчилер окуя болгон жерге барышты жана кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев кырсыкта каза болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Бул учурда Түркия Азербайжанда «Карахейбет» полигонунда кырсыкка учураган аскердик тик учакта шейит болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Азербайжандын Хызы районундагы «Карахейбет» полигонунда машыгуу учуусун ишке ашырып жаткан аскердик тик учактын кулап түшкөнү, кырсыкта шейит жана жаракат алгандардын бар экендиги терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Шейиттерге Аллахтын ырайымын тилеп, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалайбыз», деген сөздөр камтылды.

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасындагы билдирүүдө да: «Боордош Азербайжанда Мамлекеттик чек ара кызматтарына таандык тик учактын кулап түшкөнү тууралуу кабарды кайгыруу менен билдик. Бул каргашалуу окуяда каза болгон шейиттерибизге Аллахтын ырайымын тилеп, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалайбыз жана бардык азербайжандык боордошторубузга да көңүл айтабыз»,-делди.

Ошондой эле вице-президент Фуат Октай, Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар Азербайжанга көңүл айтуу билдирүүлөрүн жарыялашты.

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматтарына таандык аскердик тик учактын жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.40 чамасында Хызы аймагындагы «Карахейбет» полигонуна кулап түшкөнү маалымдалган болчу.



Тектеш кабарлар