Министр Сойлу ливандык кесиптеши менен сүйлөштү

Сойлу менен Мевлевинин сүйлөшүүсүндө, эки өлкөнүн коопсуздугун коргоо аракетинин мааниси баса белгиленди.

1740580
Министр Сойлу ливандык кесиптеши менен сүйлөштү

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, ливандык кесиптеши Бессам Мевлеви менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ливандын Ички иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Сойлу менен Мевлевинин сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн коопсуздугун коргоо аракетинин мааниси баса белгиленди.

Министр Сойлу Түркиянын Ливандын Ички иштер министрлигине караштуу Ички коопсуздук күчтөрү жана берки коопсуздук бөлүмдөрүнө көрсөткөн колдоосун улантууга даяр экенин билдирди.

Түркиянын Бейруттагы элчилиги, Ливанга жардамдын алкагында 5-ноябрда Ливандын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук күчтөрүнө 3 миң азык-түлүк пакетин тапшырган.

Ички иштер министрлигинин Коопсуздук башкы башкармалыгы, 10-сентябрда Ливандын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук күчтөрүнүн башкы башкармалыгына жеке коргонуу шаймандарын берген.

Ар түрдүү дин жана секталарга негизделген саясий бөлүнүүлөр жагынан абдан назик түзүлүшкө ээ болгон Ливандын экономикасы 1975-1990-жылдардагы жарандык согуштан бери эң чоң кризисти башынан өткөрүүдө.

Түркия 2020-жылдын 4-августунда Бейрут портундагы жарылуудан катуу жабыркаган Ливанга ар кандай жардамдар менен колдоо көрсөтүүнү улантууда.



Тектеш кабарлар