Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Дагы үч террорист таасирсиз кылынды.
1740098
Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Ирактын түндүгүнө болгону сыяктуу Сириянын түндүгүндөгү ПКК/ЙПГ террористтерине карай операциялардын да уланганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Баатыр десанттарыбыз кол салууга даярданган «Тынчтык булагы» аймагында 1, «Евфрат калканы» аймагында 2 жалпы 3 ПКК/ЙПГ террористин таасирсиз кылды»,-деди.
Сириянын түндүгү, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 2017-жылы «Евфрат калканы», 2019-жылы да «Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган болчу.