Эрдоган Ирандын президенти Раиси менен жолугушту

Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышуу үчүн Түркмөнстанга барган президент Эрдоган саммиттин алкагында жолугушууларын баштады.

1739751
Эрдоган Ирандын президенти Раиси менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту.

Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышуу үчүн Түркмөнстанга барган президент Эрдоган саммиттин алкагында жолугушууларын баштады.

Эрдоган саммит өткөрүлгөн Каракум мейманканасында Ирандын президенти менен жолукту.

Жабык эшик артында өткөн жана жарым саатка созулган жолугушууда, эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер каралды.



Тектеш кабарлар