Чехияда Юнус Эмре жана түрк тили конференциясы

Чехиянын борбор шаары Прагада Карл  университети жана Түркиянын Прага элчилиги  "Юнус Эмре жана түрк тили" деген темада конференция өткөрдү.

1737956
Чехияда Юнус Эмре жана түрк тили конференциясы

Чехиянын борбор шаары Прагада Карл  университети жана Түркиянын Прага элчилиги  "Юнус Эмре жана түрк тили" деген темада конференция өткөрдү. 

Уиверситеттин көркөм өнөр факультетинде өткөрүлгөн конференцияга катышкан Түркиянын Прага элчиси Эгемен Багыш БУУнун билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКО түрк тили жана  цивилизациясынын пайдубалдарынын бири болгон Юнус Эмрени өлүмүнүн 700 -  жылында 2021 - жылын эскерүү жылы тизмесине алгандыгын белгилеп, Түркиянын да 2021 -  жылын "Юнус Эмре жана түрк тили жылы" деп жарыялагандыгын айтты. 

Юнус Эмренин ырларында адам жана табиятка болгон сүйүү, оптимисттик, бир туугандык, тынчтык темаларын нукура түркчө менен чагылдыргандыгын  айткан Багыш улуу акындын ырларында тил, дин жана раса деп бөлбөстөн бардык адамзатка кайрылгандыгын баса белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар