Министр Кожа: «Түркия жол картасын өзгөрткөн жок»

Фахреттин Кожа кечээки кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1737412
Министр Кожа: «Түркия жол картасын өзгөрткөн жок»

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Түркиянын коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүндө жабууну эч качан ойлобогондорун айтты.

Европада учурлардын көбөйүшүнөн улам көптөгөн өлкөлөрдө чектөөлөр кайтып келди.

Жол картасын өзгөртпөгөн Түркияда болсо эч кандай жабуу болбойт, пандемия менен күрөшүүдө эң таасирдүү курал эмдөө болот.

Фахреттин Кожа кечээки кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Министр Кожа: «Жабууларды эч качан ойлобойбуз. Биз жеке сактык чараларына, өзгөчө эмдөөлөргө чоң маани беребиз. Эмдөөдөн өтүү ар бир адам үчүн абдан маанилүү экенин айтып жатабыз»,- деди.

Түркияда чыгарыла турган коронавирус дарысынын баскычына токтолгон Кожа: «Биз Түркиядагы өндүрүштү эң кыска мөөнөттө жана бир нече борбордо бүтүрүү менен мамлекетке болгон чыгымды азайтып, жарандарыбызга Молнупиравир дарысын бекер берүүнү көздөп жатабыз. Бул да көп убакытты талап кылбайт»,- деди.



Тектеш кабарлар