Алтун Грециянын качкындар саясатына каршылык көрсөттү
Алтун социалдык медиа эсебинде Грециянын жээк коопсуздук күчтөрүнүн мыйзамсыз мигранттар отурган кайыкты чөктүрүүгө аракет кылганын чагылдырган видеону бөлүштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Грециянын жээк коопсуздук кызматынын мыйзамсыз мигранттар орун алган кайыкка жасаган адамкерчиликсиз мамилесин: «Бул адамзаттын атынан уят көрүнүш»,- деп каршылык көрсөттү.
Алтун социалдык медиа эсебинде Грециянын жээк коопсуздук күчтөрүнүн мыйзамсыз мигранттар отурган кайыкты чөктүрүүгө аракет кылганын чагылдырган видеону бөлүшүп, төмөнкү сөздөрдү айтты: «Грециянын качкындар саясатынын кейиштүү сүрөтү... Акылга да, абийирге да сыйбайт... Тилекке каршы, Батыш дүйнөсү жана Европа Биримдиги Грециянын мындай мамилесине унчукпай турат. Бул адамзат үчүн уят көрүнүш».
Тектеш кабарлар

Эрдоган Теббунду азем менен тосуп алды
Азем менен тосуп алуудан кийин эки лидердин жекеме-жеке жолугушуусу болду.