Алтун Түрк Кеңешине байланыштуу билдирүү жарыялады

Алтун социалдык медиа баракчасынан Түрк Кеңеши тууралуу видеолуу билдирүү бөлүштү.

1733282
Алтун Түрк Кеңешине байланыштуу билдирүү жарыялады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Түрк Кеңеши бүгүн Стамбулда, Демократия жана Эркиндиктер аралында чогулууда. Биз дагы бир жолу биргеликте "Орток тарых, орток келечек" деп жатабыз. Экономикадан дипломатияга, билим берүүдөн технологияга чейин көптөгөн тармактарда стратегиялык кызматташтыгыбызды мындан ары да чыңдоодобуз»,-деп айтты.

Алтун социалдык медиа баракчасынан Түрк Кеңеши тууралуу видеолуу билдирүү бөлүштү.

Фахреттин Алтун өз билдирүүсүндө: «Орток улут, орток тил, орток дин жана орток тарых, чет элдик күчтөрдүн таасири менен кылымдар бою бири-биринен алыстаган 300 миллиондук Түрк дүйнөсү кайрадан ойгонууда»,- деп башталган видеодо Түрк Кеңешинин түзүлүшү баяндалууда. Түрк Кеңешинин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун айрымдарына да токтолгон видеодо: «Түрк дүйнөсү өзүнүн чоң потенциалын түшүнүп, Түрк Кеңешинин чатыры астында орток баалуулуктарды жана өткөндү эске алуу менен келечекке ишенимдүү кадамдарды таштоодо. 2040-жылга карата көз караштын алкагында паспортко муктаж болбостон бүткүл түрк дүйнөсүндө эркин жүрүү жана мүчө өлкөлөр ортосунда эркин соода аймактарын түзүү сыяктуу максаттары менен жаңы мезгилге кирген Түрк Кеңеши келечектин пайдубалын түптөө үчүн Стамбулда чогулууда. Кубанычы менен кайгысы тең болгон Түрк дүйнөсү Түрк Кеңешинин негизинде келечекке ишенимдүү менен кароодо»,-деди.



Тектеш кабарлар