Фахреттин Алтун “The Factory” тасмасы тууралуу билдирди

Даректүү тасма Париж кол салууарынын алтынчы жылы болгон 12 – 13 -  ноябрда ТРТ Хабер, ТРТ World жана ТРТ Араби менен бирге 3 каналда көрсөтүлөт.

1732490
Фахреттин Алтун “The Factory” тасмасы тууралуу билдирди

ТРТ World тарабынан эки жыл жарым миллион документтин  иликтениши менен даярдалган “The Factory” аттуу дакетүү тасма француз фирмасы Лафарж цемент заводунун француз  чалгындоо мекемелери көзөмөлгө алган террордук уюмдар менен кызмататшуу түзгөндүгүн, он миллиондогон доллардын ДЕАШ жана ПКК сыяктуу террордук уюмдарга которулгандыгын документ жана күбөлөр менен ачыкка чыгарат.

Даректүү тасма Париж кол салууарынын алтынчы жылы болгон 12 – 13 -  ноябрда ТРТ Хабер, ТРТ World жана ТРТ Араби менен бирге 3 каналда көрсөтүлөт.

Сирия согушунун караңгы жерлеринин бирөөсүн ачыкка чыгарган даректүү тасмада; француз цемент заводу Лафарждын кимдин башкаруусу менен Сирияда калуу чечимин чыгаргандыгы, Европа Биримдиги фонддорунун француз чалгындоо кызматтарынын маалымат жана макулдугу менен ДЕАШ жана ПККга кантип которулганы, француз саясатчылары менен чалгындоо кызматтарынын Лафаржды соттук жана административдик башкаруудан куткаруу үчүн таштаган кадамдары кенен түрдө билдирилет.

Сирияда ДЕАШты каржылоо менен башталган процесстин Париждеги кол салууларга кандай жол ачкандыгы да ортого чыгат.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун да твиттерден берген маалыматында даректүү тасманы таанытуу видеосуна орун берип : «Террордук уюмдарды каржылаган бир француз фирмасы миллиондогон доллар жана артындагы ыплас карым  - катнаштар... Адамдын өмүрү жокко чыгарылган тартип жана күнөөсүз өмүрүнөн ажыраган адамдар... Дүйнөнү титире тургани бир тасма 'The Factory' 12 -  ноябрда ТРТ Хаберде»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар