Чавушоглу польшалык кесиптеши менен сүйлөштү

Чавушоглу Збигнев Рау менен Польша-Беларусь чек арасындагы мыйзамсыз миграция кризисин сүйлөштү.

1732481
Чавушоглу польшалык кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу польшалык кесиптеши Збигнев Рау менен Польша-Беларусь чек арасындагы мыйзамсыз миграция кризисин сүйлөштү.

Чавушоглу Рау менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Түркиянын бул маселенин бир бөлүгү болбогонуна карабастан көйгөйдүн бир бөлүгү катары көрсөтүлүүгө аракет кылынышына жана ушул алкакта Түркия менен Түрк аба жолдоруна карата негизсиз айыптоолордон улам капа болгонун билдирди жана Түркиянын бул айыптоолорду четке какканын баса белгиледи.

Чавушоглу кесиптешине бул айыптоолор боюнча коомчулуктун туура кабардар болушу керектигин эскертип, ал үчүн Польшадан техникалык топтордун Түркияга келүүсүн сунуштады.

Түрк аба жолдору да кээ бир эл аралык маалымат каражаттарында чыккан «THY Белоруссияга каттамдарында мыйзамсыз иммигранттарды ташыйт» деген кабарды четке каккан болчу.



Тектеш кабарлар