4-класстын окуучусу Кемал математика боюнча сынакта биринчиликти алды

Биринчи орунду алганына кубанганын баса белгилеген Арслан, чоңойгондо илимпоз болгусу келерин билдирди.

1731435
4-класстын окуучусу Кемал математика боюнча сынакта биринчиликти алды

Караманда жашаган 4-класстын окуучусу Кемал Арслан, онлайн түрдө өткөрүлгөн Канададагы Эл аралык Карибу математика сынагында дүйнө биринчиси болду.

Атасы жүк ташуучу, апасы үй кожойкеси болгон Арслан дүйнө жүзү боюнча 11 миң 742 окуучу катышкан сынакта өз категориясындагы бардык суроолорго туура жооп берип, биринчиликти жеңип алды.

Үй-бүлөсүн да, мугалимдерин да сыймыктандырган Арслан бул ийгиликке эмгек жана аракет менен жеткенин айтты.

Биринчи орунду алганына кубанганын баса белгилеген Арслан, чоңойгондо илимпоз болгусу келерин билдирди.



Тектеш кабарлар