Түрк аба жолдору экинчи орунду ээледи
Европада 1-7-ноябрь күндөрүнүн аралыгында жумасына 150 миң 615, күнүнө 21 миң 516 рейс аткарылды.
1731035
![Түрк аба жолдору экинчи орунду ээледи](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e95f/6f78/aadc/609faf5622031.jpg?time=1718828934)
Түрк аба жолдору (THY) күнүмдүк 1020 каттам менен Европада эң көп учкан экинчи авиакомпания болду.
Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюмунун (EUROCONTROL) аба кыймылы маалыматтарына ылайык, 1-7-ноябрда жумасына 150 миң 615 жана күнүнө 21 миң 516 рейс аткарылды.
Коронавирус (Ковид-19) чараларынын алкагындагы чектөөлөр негизинен алынып салынгандыктан, ирландиялык Ryanair Graup күнүмдүк 2 миң 89 каттам менен Европада эң көп учкан авиакомпания деп катталды.
Түрк аба жолдору күнүмдүк 1020 каттам менен 2-орунду алса, Lufthansa аба жолдору 959 каттам менен 3-орунду ээледи.
Pegasus Airlines да 417 каттам менен тизмеде 10-орунда болду.