Алтун:«Түрк Кеңешинин мамлекеттерин Түркия-Азербайжан биргелешкен медиа платформасына чакырабыз»

Алтун Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын кожоюндугунда уюштурулган Түрк Кеңешинин Медиа Форумунун алкагында биринчи жыйыны кечээ Стамбулда өткөрүлгөн Түркия-Азербайжан орток медиа платформасы тууралуу журналисттерге баа берди.

1724014
Алтун:«Түрк Кеңешинин мамлекеттерин Түркия-Азербайжан биргелешкен медиа платформасына чакырабыз»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түрк Кеңешине мүчө бардык мамлекеттерди Түркия-Азербайжан биргелешкен медиа платформасына чакырышкандарын билдирди.

Алтун Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын кожоюндугунда уюштурулган Түрк Кеңешинин Медиа форумунун алкагында биринчи жыйыны кечээ Стамбулда өткөрүлгөн Түркия-Азербайжан орток медиа платформасы тууралуу журналисттерге баа берди.

Азербайжандын вице-президенти Хикмет Хажыев менен бирге түзүлгөн жумушчу топтун жыйынына төрагалык кылгандарын белгилеген Алтун, платформада тез ишке ашырыла турган квалификациялуу долбоорлорду талкуулагандарын, 6 багытта жумушчу комиссиясын да түзгөндөрүн айтты.

Платформанын жашап кетиши жана институтташтырылышы үчүн маанилүү болгон Мыйзам чыгаруу жана жөнгө салуу комитетинин ишке ашырылганына көңүл бурган Алтун: «Эгерде биз бул механизмди туура институтташтырсак, Борбордук Азиядагы бардык Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер жана Түрк Республикалары бул жалпы платформага салым кошо алат деп ишенебиз. Хажиев мырза экөөбүз муну башынан эле ачык айтып келебиз: Бул Түркия менен Азербайжандын ортосундагы биргелешкен медиа аянтча, бирок Түрк Кеңешине мүчө бардык мамлекеттерди бул платформага чакырабыз. Бул биримдиктен чыга турган күчтү Карабах жеңишинде көрсөттүк»,-деди.

Алтун: «Биримдикте болсок, түрк дүйнөсү катары бизге каршы жасалып жаткан жалган маалыматка каршы тура алабыз. Дүйнө коомчулугуна, өзүбүздүн коомдук пикирге туура маалымат бере алабыз. Ошентип Түрк дүйнөсүнө жана биздин өлкөлөргө каршы системалуу түрдө иш жүргүзүп жаткан актерлорго каршы чыныгы күрөш башталат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар