Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат

Бир күндө 361 миң 350 тест жасалып, 29 миң 760 кишиде вирус аныкталды.

1722691
Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат

Түркиянын коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 214 деп белгиленди.

Бир күндө 361 миң 350 тест жасалып, 29 миң 760 кишиде вирус аныкталды.

Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 28 миң 803 болду.

Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 114 миллион 620 миң 510го жетти.


Этикеткалар: #доза вакцина

Тектеш кабарлар