"Эрен-7" операциясында бир аскер шейит болду

Ички иштер министрлиги билдирүү жасады.

1723114
"Эрен-7" операциясында бир аскер шейит болду

Тунжелиде уланып жаткан "Эрен-7" операциясында бир аскер шейит болду.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Тунжелидеги операцияда оор жаракат алган бир аскердин жеткирилген ооруканада бардык аракеттерге карабастан куткарыла албаганы кабарланды.

Билдирүүдө: «Шейитибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилеп, үй-бүлөсүнө, жакындарына жана улутубузга көңүл айтабыз»,- деген сөздөр камтылды.

Кагылышууда бир аскерди шейит кылган террористтин изделгендердин тизмесинде боз категорияга кирген «Куртай Шерзан» каймана аттуу Хайреттин Гүнеш экени жана аны менен бирге дагы бир террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.

Ички иштер министри Сулейман Сойлу социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Тунжелиде улантылган жана 2 террорист таасирсиз кылынган Эрен-7 операциясында оор жаракат алган аскердин шейит болгонун жана шейиттин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.



Тектеш кабарлар