Түркия Непалга көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги Непалдагы автобус кырсыгы тууралуу билдирүү жасады.
1719234
![Түркия Непалга көңүл айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9f42/e476/505b/60a384bf15822.jpg?time=1718855989)
Түркия Непалдын Мугу шаарында 32 адамдын өмүрүн алган автобус кырсыгына байланыштуу Непал элине жана өкмөтүнө көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлиги Непалдагы автобус кырсыгы тууралуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө Непалдын Мугу аймагында болгон автобус кырсыгында 32 киши көз жумуп, 17 кишинин жаракат алышы терең кайгыга салганы белгиленип: «Биз бул каргашалуу кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, дос Непал элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөр камтылды.