Министр Варанк Тажикстанда жолугушууларды өткөрдү

Расулзода Түркия-Тажикстан биргелешкен экономикалык комиссиясынын (КЭК) 11-жыйнынан улам Тажикстанда жүргөн министр Варанкты кабыл алды.

1719084
Министр Варанк Тажикстанда жолугушууларды өткөрдү

Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, ошондой эле өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир менен жолугушту.

Расулзода Түркия-Тажикстан биргелешкен экономикалык комиссиясынын (КЭК) 11-жыйнынан улам Тажикстанда жүргөн министр Варанкты кабыл алды.

Премьер-министрликтин имаратында өткөн жолугушууда Расулзода Түркиянын Тажикстан экономикасында маанилүү орунга ээ экенин жана эки тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатышканын маалымдады. 

Түркия менен учурдагы соода карым-катнаштарынын жакшы деңгээлде экенине көңүл бурган Расулзода, Түркиядан Тажикстанга инвестицияларды көбөйтүү жана эки тараптуу экономикалык карым-катнаштарды жогорулатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керектигин айтты.

Варанк да Тажикстанды Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш катары эсептегендерин баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык тармактарда, өзгөчө соода жана экономикада ийгиликтерге жетишерине ишенгенин билдирди.

Министр Варанк Кабир менен өткөргөн жолугушуусунда да, Түркияда кандай болсо Тажикстанда да ошондой болушун каалашканын жана бул үчүн Түркиянын өз тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

Максаттарга жетүү үчүн товарлардын, акчанын жана адамдардын эркин жүрүүсүнүн маанилүүлүгүнө басым жасаган Варанк, виза жана түз учуулардын көбөйтүлүшү темасында жеңилдик берилишин талап кылды.

Кабир да экономикалык жана коммерциялык мамилелерди өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттерди көрүшөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар