Президент Эрдоган Президенттик кабинет жыйынынан кийин пресс - жыйын өткөрдү

Эрдоган борбор шаар Анкарада Президенттик кабинет жыйынынан кийин өткөрүлгөн пресс  - жыйында сөз сүйлөдү.

1718070
Президент Эрдоган Президенттик кабинет жыйынынан кийин пресс  - жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сириядан Түркияга карата террордук кол салуулар жөнүндө : «Сириядан өлкөбүзгө карата террордук кол салуулардын булагы тууралуу чадамыбыз калган жок»,- деди.

Эрдоган борбор шаар Анкарада Президенттик кабинет жыйынынан кийин өткөрүлгөн пресс  - жыйында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган : «Евфрат алканы операциясы аймагында полициябазыга карата жана жерлерибизди бутага алган кол салуулар тынчыбызды алууда. Сириядан өлкөбүзгө карата террордук кол салуулардын булагы болгон айрым жерлер тууралуу чыдамыбыз калган жок. Бул жерлерден келген коркутууларды  ал жерлерде таасирдүү болгон күчтөр менен бирге же өз мүмкүнчүлүктөрүбүз менен жок кылууда чечкиндүүбүз»,- деди.

Президент сөзүндө бул жылы ынандыруу жолу менен террордук уюмдун 153 мүчөсүн багынгандыгын айтты.

Режеп Таййип Эрдоган билдирүүсүндө өзгөчө Түркияны инвестиция, өндүрүш, экспорт, жумуш менен камсыз кылуунун негиздери боюнча өнүктүрүп, өстүрүүнү улантышарын белгиледи.

Президент Эрдоган Экология жана шаарлаштыруу министрлигинин атын Экология, урбанизация жана климаттын өзгөрүшү министрлиги деп  өзгөртүлгөнүн да маалымдады.

Эрдоган ошондой эле Климаттык өзгөрүү боюнча башкармалык жана Миграция башкармалыгынын түзүлөрүн айтты.

 



Тектеш кабарлар