Кожа: «Түркия жалпы вакцинанын дозасы боюнча Европада биринчи орунда»
Кожа бул тууралуу социалдык медиа эсебинен маалымат бөлүштү.
1713938
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркиянын коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы колдонулган вакциналардын саны боюнча Европада биринчи орунда экенин айтты.
Кожа, социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө, Түркияда кечээ 110 миллион дозадан ашканын белгилеп: «Ковид-19га каршы вакцинанын жалпы дозасы боюнча биз Европада биринчи жана дүйнөдө 7-өлкөбүз! Алдыңкы 6 катарда вакцина өндүрүүчүсү болгон Кытай жана АКШ менен ошондой эле калкынын саны жогору өлкөлөр бар»,-деди.