Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийинки билдирүү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында кечээ өткөрүлгөн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийин жазуу түрүндө маалымат берилди.

1713223
Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийинки билдирүү

 

Улуттук Коопсуздук Кеңеши  Сирияда жарандарды бутага алган жана стабилдүүлүккө зыян келтирүүчү аракеттердин аймактагы тең салмактуулукту бузуп жана туруктуу чечимге жетүүгө тоскоол болооруна көңүлдөрдү бурду.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында кечээ өткөрүлгөн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийин жазуу түрүндө маалымат берилди.

Маалыматка караганда жыйында ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ, ФЕТӨ жана ДЕАШ террордук уюмдары баш болгон улуттук биримдикке, тилектештикке карата бардык коркутуулар жана коркунучтарга каршы өлкө ичинде жана өлкө тышында чечкиндүүлүк жана ийгилик менен аткарылган иш – аракеттер тууралуу кеңешке маалымат берилди.

Сирия маселесине тарап жана катышкан актерлордун Сирия калкынын тынчтыгы, бейпилдикке жетишиндеги жоопкерчилигине токтолгон жыйында жарандарды бутага алган жана стабилдүүлүккө зыянын тийгизген кыймылдардын аймактагы тең салмактуулукту бузуп туруктуу жана улантууга боло турган чечимдердин чыгарылышына токсоол болору белгиленди.

Түркиянын Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Кипрге байланыштуу маселелер менен мыйзамсыз миграция тууралуу жакшы ниеттүү, конструктивдүү, чечимге багытталган сунуштарды жана кыймылдарды четке кагуунун эл аралык укукка жана адилеттүүлүккө, Европа Биримдигинин, Грециянын жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына карама-каршы келгени баса белгиленди. Греция менен Түштүк Кипр Рум башкаруусунун бир тараптуу кыймылдарына жана кастык мамилелерине колдоо көрсөтүлүшүнүн аймактагы келишпестиктерди дагы да күчөтөрү баса белгиленди.

Афганистандагы акыркы окуяларга да баа берилген жыйында, Түркиянын дос жана боордош Афганистан калкынын өлкөлөрүндө бейпил жашоосуна карата Кабул эл аралык аэропортунун иштетилүүсүнө карата колдоонун да улантылыры маалымдалды. Эл аралык коомчулукка, адамзаттык кризистерден чыгууда бирдикте кыймыл кылуу жана жоопкерчиликти алууга чакыруу салынды.



Тектеш кабарлар