Британияда бейтаптар ракты текшерүү үчүн соода борборлоруна же футбол стадиондоруна барышат

Өкмөт миллиондогон бейтаптардын ракты текшерүү үчүн ооруканалардын ордуна соода борборлоруна же футбол стадиондоруна жөнөтүлөрүн билдирди.

1713359
Британияда бейтаптар ракты текшерүү үчүн соода борборлоруна же футбол стадиондоруна барышат

Британ өкмөтү коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүп жаткан ооруканалардын жүгүн азайтуу үчүн футболдук стадиондордо жана соода борборлорунда рак боюнча тесттер жана скринингдер өткөрүлөрүн жарыялады.

Өкмөт миллиондогон бейтаптар ракты текшерүү үчүн ооруканалардын ордуна соода борборлоруна же футбол стадиондоруна жөнөтүлөрүн билдирди.

Саламаттык сактоо министри Сажид Жавид Британияда сканерлөө, тесттер жана рентген нурлары үчүн 40 жаңы диагностикалык борбор ачылаарын билдирди.

Өкмөт ооруканалардын жүгүн жеңилдетүү жана келерки жылы 2.8 миллионго жакын адамды куткаруучу скринингдерди жана тесттерди камсыз кылуу үчүн 350 миллион фунт стерлинг инвестициялады.

Дарыгерлер бейтаптарды түз ушул борборлорго жөнөтө алышат.

Жаңы борборлордун арасында Брайтондогу Falmer Community стадиону жана Барнслидеги The Glass Works соода борбору бар.

Борборлор жакынкы алты айда иштей баштайт жана март айына чейин толук кызмат көрсөтөт.



Тектеш кабарлар