Covid-19: Түркияда соңку абал

Бир күндө 355 миң 442 тест жасалып, 29 миң 386 кишиде вирус аныкталды.

1712472
Covid-19: Түркияда соңку абал

Түркиянын коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 227 деп белгиленди.

Бир күндө 355 миң 442 тест жасалып, 29 миң 386 кишиде вирус аныкталды.

Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 31 миң 18 болду.

Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 109 миллион 146 миң 301ге жетти.



Тектеш кабарлар