Президент Эрдоган эртең Америка Кошмо Штаттарына барат
Президент Эрдогандын Башкы Ассамблеядагы кайрылуусунда дүйнөдөгү адилетсиздикке дагы бир жолу басым жасашы күтүлүүдө.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 21-сентябрда Нью-Йоркто боло турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн эртең Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) барат.
Президент Эрдогандын Башкы Ассамблеядагы кайрылуусунда дүйнөдөгү адилетсиздикке дагы бир жолу басым жасашы күтүлүүдө.
Түркия качкындарга жардам колун сунганы менен бул темада дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү колдоо көрсөтпөй эле. АКШнын Ооганстандан чыгып кетиши менен пайда болгон кырдаал да жаңы коркунучтарды жаратууда.
Дагы бир фактор жакынкы жылдарда дүйнөдөгү көч толкундарын күчөтөт деп күтүлүүдө. Дүйнөлүк климат кризиси тереңдеп баратат. Тамак-ашка жана таза сууга жетүү миллиондогон адамдар үчүн кыйын болуп жатат. Бул да климат көчтөрүнө алып келет.
Дүйнө лидерлери мына ушундай күн тартиби менен Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындарына катышат.
Президент Эрдоган дүйшөмбү күнү БУУнун маңдайына курулган 36 кабаттуу Түрк үйүнүн ачылышына да катышат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.