Чавушоглу БУУнун башкы катчысы Гутерриш менен жолугушту

Чавушоглу 21-сентябрда баштала турган БУУнун 76-Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйналыштарына катышуу үчүн АКШга барды.

1707474
Чавушоглу БУУнун башкы катчысы Гутерриш менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш менен өткөргөн жолугушуусунда Кипр, Ооганстан, Ливия, Сирия жана климаттын өзгөрүшү темаларын талкуулады.

21-сентябрда баштала турган БУУнун 76-Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйналыштарына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарына барган Чавушоглу БУУнун баш катчысы Гутерриш менен жолугушту.

Чавушоглу жолугушуудан кийин Твиттердеги баракчасынан: «Биз БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш менен дүйнө күн тартибиндеги глобалдык көйгөйлөрдү талкууладык. Кипр, Ооганстан, Ливия, Сирия жана климаттын өзгөрүшү боюнча көз караштарыбызды айттык»,-деди.

Чавушоглу ошондой эле БУУнун 76-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Абдулла Шахид менен жолугушуп, кызматка жаңы киришкен Шахидди куттуктады.

Шри-Ланканын тышкы иштер министри Гамини Лакшман Пейрис менен да жолугушкан Чавушоглу, Твиттердеги баракчасынан "Географиялык алыстыкка карабастан карым-катнаштарыбызды өнүктүрүүгө толук эркибиз бар», деп билдирди.



Тектеш кабарлар