Эрдоган: «Жаңы сот пакетин мүмкүн болушунча тезирээк парламенттин күн тартибине киргизебиз»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада кассациялык соттун жаңы кызматтык имаратынын жана 2021-2022 сот жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1701057
Эрдоган: «Жаңы сот пакетин мүмкүн болушунча тезирээк парламенттин күн тартибине киргизебиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы сот пакетин мүмкүн болушунча тезирээк парламенттин күн тартибине киргизе тургандарын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Кассациялык соттун жаңы кызматтык имаратынын жана 2021-2022 сот жылынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө адилеттүүлүктүн коомдун тынчтыгынын жана бакубаттуулугунун кепилдиги экенин белгилеп, «Адилеттүүлүк - мамлекеттин болушунун себеби»,-деди.

Адилеттик системасын жакшыртуу үчүн ташталган ар бир кадамдын баалуу экенин баса белгилеген Эрдоган: «Аткаруу бийлиги катары биздин милдетибиз - соттун ишин жакшыртуучу ар кандай жардамдарды берүү. Биз жаңы сот жылында сот реформасы боюнча аракеттерибизди тездетебиз. Биздин реформа стратегиябыз демократиялык Түркия идеалыбызга негизделген. Биз укуктар, мыйзамдар жана адам укуктары сыяктуу түшүнүктөрдү эч кандай арзан саясатка байлап койгон жокпуз жана андай кылбайбыз»,-деди.

Эрдоган дароо эле жаңы сот пакети үчүн жеңдерин түрүп киришкендерин жана бул жаңы пакетти мүмкүн болушунча эртерээк парламенттин күн тартибине алып чыга тургандыктарын айтты.

Оппозициянын конституциялык ишине да токтолгон Эрдоган: «Эмнеси болсо да, биз даярдыгыбызды келерки жылдын алгачкы айларында улутубуздун баалоосу үчүн сунуштоого чечкиндүүбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар