Түркия-Египет жыйыны Анкарада өтөт
7-8-сентябрда Анкарада боло турган сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер талкууланат.
1700202
![Түркия-Египет жыйыны Анкарада өтөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f86a/650f/535e/5d0f224e53c40.jpg?time=1718859536)
Түркия-Египет саясий консультацияларынын экинчи айлампасы 7-8-сентябрда борбор шаар Анкарада өтөт.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, Түркия-Египет саясий консультацияларынын экинчи айлампасы тышкы иштер министринин орун басары элчи Седат Өнал жана Египеттин тышкы иштер министринин орун басары элчи Хамди Лоза жетектеген делегациялардын ортосунда өткөрүлө турганы белгиленди.
7-8-сентябрда Анкарада боло турган сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер талкууланат.