Түркия-Ирак кызматташтыгы

Эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлду.

1694952
Түркия-Ирак кызматташтыгы

Түркия менен Ирактын ортосунда Коргоо өнөр жайы кызматташтыгы келишимине кол коюлду.

Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир менен Ирак Республикасынын Аскердик Индустриялаштыруу Кеңешинин төрагасы Мохаммед Сахеб Аль-Даражи тарабынан кол коюлган келишим, Түркия менен Ирактын ортосундагы кызматташтыкты мекемелештирип эки өлкөнүн ортосундагы коргоо өнөр жайы тармагында аткарыла турган өз ара кызматташтык иш-аракеттеринин принциптерин камтууда.

Келишим тараптардын коопсуздук уюмдарына керектүү коргонуу өнөр жайынын бардык өнүмдөрүн жана кызматтарын түз жеткирүүнү, иштеп чыгууну, өндүрүүнү, сатууну, инвентаризациядагы тутумдарды жана платформаларды техникалык жактан тейлөөнү, модернизациялоону, технологияларды өткөрүп берүүнү, окутууну, маалымат жана документ алмашууну камтыйт.

Белгиленген убакыт аралыгында өткөрүлө турган "Коргонуу өнөр жайы кызматташтыгы жыйындары" менен бул жолугушууларда аныкталган кызматташтык темаларынын бышып жетилишин жана уланышын камсыз кылган расмий жана техникалык делегация сапарлары да ушул келишимдин алкагында ишке ашырылмакчы.



Тектеш кабарлар