Ооганстандан Түркия жарандарын эвакуациялоо улантылып жатат

Жекшемби күнү талибдер Кабулга киргенден кийин Ооганстандагы түрк жарандарын эвакуациялоо башталган болчу.

1693757
Ооганстандан Түркия жарандарын эвакуациялоо улантылып жатат

Түрк аба жолдорунун (THY) учагы менен Ооганстандагы 200дөн ашуун адамды Түркияга алып келишти.

Жекшемби күнү талибдер Кабулга киргенден кийин Ооганстандагы түрк жарандарын эвакуациялоо башталган болчу.

Тышкы иштер министрлигинин координациясы менен уюштурулган эвакуациялык каттамдар Кабулдагы «Хамид Карзай» атындагы аэропортунан Түрк аба күчтөрүнүн А400М үлгүсүндөгү аскердик транспорт учагы менен ишке ашырылууда.

Коопсуздук калыбына келтирилгенден кийин кечээ «Хамид Карзай» аэропортунан чыгарылган жүргүнчүлөр алгач Пакистандын Исламабад аэропортуна жеткирилди.

Андан кийин 273 жүргүнчү Түрк аба жолдорунун (THY) Стамбулдан учкан «TK6880» номерлүү рейсине багытталды.

Түркияга учкан THY учагы Стамбул аэропортуна саат 08: 15те конду.

Терминалга жеткирилген жүргүнчүлөрдөн коронавирус боюнча тест алынды.

Паспорттук процедураларын бүтүргөн түрк жүргүнчүлөрү көрсөтүлгөн даректер боюнча карантинде болушат, ал эми чет өлкөлүк жарандар мейманканаларда 10 күн карантинде болушат.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ жеке телеканалдардын түз эфиринде Ооганстандагы түрк жарандарынын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыз кылуу алардын биринчи кезектеги милдети экенин белгилеп, ушул убакка чейин бул өлкөдөн жалпы 552 адамды эвакуациялагандарын айтты.



Тектеш кабарлар