Октай: «Чек араларыбызда качкындар агымына каршы бардык чараларды көрүүдөбүз»

Фуат Октай Стамбулда билдирүү жасады.

1693232
Октай: «Чек араларыбызда качкындар агымына каршы бардык чараларды көрүүдөбүз»

Вице-президент Фуат Октай: «Биз Ооганстандагы гуманитардык трагедияны чечүүгө болгон эркибизди сактайбыз жана чек араларыбызда да ыктымалдуу качкындар агымына каршы бардык чараларды көрүүдөбүз»,-деди.

Стамбулда билдирүү жасаган Фуат Октай Ооганстандагы гуманитардык трагедиянын ачык айкын экенин түшүндүрүп, бул өлкөнүн саясий туруксуздук, жарандык согуш жана белгисиздик менен көп жылдар бою күрөшүп келгенин эске салды.

Октай: «Биз Ооганстандагы гуманитардык маселени чечүүгө болгон эркибизди сактайбыз жана чек араларыбызда да ыктымалдуу качкындар агымына каршы бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз. Ооганстанды турукташтыруу үчүн президентибиздин жетекчилиги астында өз милдетибизди улантуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар