Эрдоган билдирүү жасады

Эрдоган Твиттердеги билдирүүсүндө, шаарды трансформациялоо аракеттеринин алкагында жер титирөөгө туруштук берген турак жайларды тынымсыз көбөйтүп жатышканын баса белгиледи.

1693220
Эрдоган билдирүү жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2012-жылы башталган Жер титирөөгө каршы трансформациялоо кыймылын Түркиянын бардык жеринде үзгүлтүксүз улантып жатышканын айтты.

Эрдоган Твиттердеги билдирүүсүндө, шаарды трансформациялоо аракеттеринин алкагында жер титирөөгө туруштук берген турак жайларды тынымсыз көбөйтүп жатышканын баса белгиледи.

Президент Эрдоган чечкиндүүлүк менен улантылып жаткан Жер титирөөгө каршы трансформациялоо кыймылынын алкагында 81 облуста жана 922 райондо 300 миң үйдүн бекемделгенин айтты.

Эрдоган өз билдирүүсүндө бул турак жайлардын 100 миңи Стамбулда жайгашканын жана 90 миллиард лиралык инвестициялык наркы бар экенин маалымдады.



Тектеш кабарлар