Түркиядагы бардык өрт кырсыктары көзөмөлгө алдынды

Министр Пакдемирли менен энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Мугланын Мармарис шаарындагы Табигый кырсыктарды координациялоо борборунда билдирүү жасашты.

1690232
Түркиядагы бардык өрт кырсыктары көзөмөлгө алдынды

 

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли Түркиядагы бардык өрт кырсыктарын көзөмөлгө алышканын айтты.

Министр Пакдемирли менен энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Мугланын Мармарис шаарындагы Табигый кырсыктарды координациялоо борборунда билдирүү жасашты.

Бурдурдун Бужак районунда токой өртү көзөмөлгө алынганын белгилеген министр Пакдемирли: «Кырсыкта биз сүйүктүү улутубуз менен токойлорубуз үчүн бир жүрөккө айландык. Биз бардык өрттөрдү көзөмөлгө алдык»,-деп айтты.

Министр Пакдемирли, Синоп, Кастамону жана Бартындагы суу ташкынына байланыштуу, «Эртең жана ишембиде нөшөрлүү жамгыр жаай турганын жана метеорологиялык коркунуч сактала тургандыгын эскертебиз»,-деди.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Йеникөй жылуулук борборуна байланыштуу, «Бүгүн эртең мененки саат 06.42ге карата биз экинчи агрегатты ишке киргиздик. Станция толук кубаттуулукта иштей баштады»,деген маалыматын берди.



Тектеш кабарлар