Эрдоган Ооганстан жана Ирандын президенттери менен сүйлөштү

Президент Эрдоган токой өрттөрүнө байланыштуу тилектештиктерин көрсөткөн Ооганстан менен Ирандын лидерлерине ыраазычылык билдирди.

1689702
Эрдоган Ооганстан жана Ирандын президенттери менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдоган Гани менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө, Ооганстандын татыктуу болгон тынчтыкка жана стабилдүүлүккө мүмкүн болушунча тезирээк жетише алышы үчүн дос жана боордош ооган элин колдоону уланта тургандарын билдирди.

Президент Эрдоган, Раиси менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө болсо кызматка киришкенинен улам куттуктап, Түркия-Иран карым-катнаштары жана аймактык кызматташтыктын бардык тармакта күчтөнөрүнө ишенгенин айтты.

Президент ошондой эле токой өрттөрүнө байланыштуу тилектештиктерин көрсөткөн Ооганстан менен Ирандын лидерлерине ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар