Пакдемирли: «Азербайжандан келген бир туугандарыбыз бир улут экенибизди далилдешти»

Пакдемирли Мугланын Мармарис районунда билдирүү жасады.

1689276
Пакдемирли: «Азербайжандан келген бир туугандарыбыз бир улут экенибизди далилдешти»

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, өрт өчүрүү иштерине колдоо көрсөткөн азербайжандык топко карата «Бир туугандарыбыз бир улут экенибизди далилдешти», деди.

Пакдемирли Мугланын Мармарис районунда ички иштер министри Сулейман Сойлу, экология жана шаар куруу министри Мурат Курум, транспорт министри Адил Караисмаилоглу жана Азербайжандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Этибар Мирзеевдин катышуусу менен өткөрүлгөн координациялык жыйындан кийин билдирүү жасады.

Түркиядагы токой өрттөрү менен күрөшүү үчүн дүйнөнүн ар тарабынан жардам келгенин айткан Пакдемирли, эң маанилүү достукту, колдоону бир тууган өлкө Азербайжандан алгандарын баса белгиледи.

Пакдемирли бир тууган өлкөнүн 900дөн ашык кызматкерлери жана 90дон ашуун унаалары менен Мугладагы өрттү өчүрүү аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн келгенин айтып: «Азербайжандык боордошторубуз көптөгөн оор кызматтарда токойчуларыбыз менен ийиндеш кызмат кылышты. Азербайжандан келген боордошторубуз бир улут экенибизди далилдешти»,-деди.

Пакдемирли ийгиликтүү координация үчүн Азербайжандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Мирзеевге ыраазычылык билдирип: «Сиздин колдооңуз түрк улуту үчүн маанилүү. Биздин улут кыйын учурда аны колдогондорду эч качан унутпайт»,- деди.



Тектеш кабарлар