Түркия афган мигранттар тууралуу чыгарган чечими үчүн АКШга каршылык көрсөттү

Түркия АКШ билдирген «АКШ үчүн иштеген афгандар менен үй   - бүлөлөрүнө карата мигранттарды кабыл алуу программасын» кабыл албагандыгын жарыялады.

1685292
Түркия  афган мигранттар тууралуу чыгарган  чечими үчүн АКШга каршылык көрсөттү

Түркия АКШ билдирген «АКШ үчүн иштеген афгандар менен үй   - бүлөлөрүнө карата мигранттарды кабыл алуу программасын» кабыл албагандыгын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич АКШ билдирген «АКШ үчүн иштеген афгандар жана үй -  бүлөлөрүнө  карата мигранттарды кабыл алуу программасына» байланыштуу : «Түркия катары АКШнын биз менен кеңешпестен, жоопкерчиликсиздик менен чыгарган бул чечимин кабыл албайыз. АКШ эгерде бул кишилерди өлкөсүнө алууну каалап жатса түздөн түз эле учактар менен өлкөсүнө алып кете алат»,- деди.

Билгич бул тема боюнча берилген суроого жазуу түрүндө берген маалыматында  АКШнын мамлекеттик катчылыгынын кечээ берген маалыматында АКШнын борбору АКШ болгон бейөкмөт уюмдар жана басма сөз мекемелери үчүн иштеген афгандар жана үй  -  бүлөлөрүнө карата мигранттарды кабыл алуу программасы менен афгандардын АКШга миграция үчүн кайрылуулары үчүнчү өлкө аркылуу  алынары белгиленгендин, кайрылуулар үчүн Түркиянын да бар экендигин эске салды. Билгич : «Оболу АКШнын билдирүүсү аймагыбызда чоң бир миграция кризисин күчөтөт. Маселеге аймак өлкөлөрүнүн ортосунда чечүүчү жол табуунун ордуна,  өлкөбүздүн ыраазычылыгы болбостон өлкөбүздө чечүүчү жол издөөгө аракет кылышын кабыл албайбыз»,- деди.

Акыркы 7 жылдан бери Түркиянын дүйнөдө эң көп качкын алган өлкө экендигин эске салган Билгич жаңы бир миграция кризисин үчүнчү бир өлкөнүн атынан көтөрө ала турган абалда эмес экендигин айтты. Билгич буларды белгиледи : «Түркия катары АКШнын жоопкерчиликсиздик менен жана өлкөбүз менен кеңешпестен чыгарган чечимин кабыл албайбыз. АКШ эгерде бул кишилерди өлкөсүнө алууну каалап жаткан болсо түздөн түз эле учак менен өлкөсүнө алып кете алат. Өлкөбүз үчүнчү өлкөлөрдүн эл аралык жоопкерчиликтерин көтөрүп, мыйзамдарыбызды үчүнчү өлкөлөрдүн пайдалануусуна уруксат бербейт. Аймагыбызда үчүнчү өлкөлөрдүн чечимдеринин натыйжасында болгон миграция кризистеринин жүгүн түрк калкынын моюнга алышын эч ким күтпөсүн».

 

 



Тектеш кабарлар