Эрдоган 15 - Июль баатырларын эскерди

Президент Р. Т. Эрдоган : Сен жүздөгөн жыл желеги менен  жерин сүйгөн улуттун мекени Түркиясың. Түркия жеңилбейт».

1675833
Эрдоган 15 - Июль баатырларын эскерди

Президент Р. Т. Эрдоган 15 -  Июль баатырларын видео билдирүү менен эскерди.

Президент Эрдоган соцтармактан «Түркия жеңилбейт» деген темада маалымат жарыялап : «15 -  июлда мекенди жаны менен коргогон, өлкөбүздү туткунга алууга аракет кылгандарга сабак берген бардык баатырларыбызды ыраазычылык менен эскерем. Желегибиз түшпөйт! Азан токтобойт!»,- деди.  

Эрдоган жарыялаган маалыматында  орун берген жана анимациялык көрүнүштөр орун алган видеодо буларды белгиледи. : «Чанаккале өтүлгүс, Мекенин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн окко көкүрөгүн тоскон Мехметчик өлбөйт (түрк аскери). 15 -  июлда эки континент бириккен жерде колунда куралы жок чыккынчылардын куралына көкүрөк тосуп, коркпостон биримдик болгон улут бөлүнбөйт. Коргонуудан технологияга, энергетикадан саламаттыкты сактоого  чейин бардык тармакта күчтөнгөн, эмгектенүү менен бийиктеген жеңиштерден кийин  эс албастан иштөө керектигин билген улут жеңилбейт.

Көгүлтүр мекен өтүлгүс. Оруч Реис, Барбарос, Тургут Реис дастан жазган көгүлтүр сууларда болушуңа эч ким тоскоол боло албайт. Чыгыш Жер Ортолук деңизи өтүлгүс. Ай  - жылдыз жеткен бардык жерди жарыктандырган, муктаждарга карата мээримиң менен жардам аракеттериң эч нерсе менен салыштырыла албайт. Келечеги асманда болгон, жаңылыкка, жакшылыкка карай чечкиндүүлүк менен баскан түрк жаштары жеңилгис. Чыныгы күчтүн биримдиктен жаралгандыгын билген асыл түрк улуту жеңилбейт. Сен жүздөгөн жыл желеги менен  жерин сүйгөн улуттун мекени Түркиясың. Түркия жеңилбейт».



Тектеш кабарлар