Анамур - ТКТР каттамдары 12 - июлда башталат

Мерсиндин Анамур районунан Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) бара турган деңиз автобусу Анамур пристанына келди.

2150309
Анамур  - ТКТР каттамдары 12 -  июлда башталат

Мерсиндин Анамур районунан Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) бара турган деңиз автобусу Анамур пристанына келди.  12-июндан тарта кызмат кыла  турган паром салтанат менен тосуп алынды.

Анамурдун мэри Дурмуш Дениз: "Бул паром кызматтары менен дүйнөгө ачылабыз. Анамур айыл чарба шаары болуу менен бирге туризмдин бейиши. 17 километрдик жээк тилкебиз,  үңкүрлөрүбүз,  Мамуре чеби, Өрен байыркы шаар көрүүгө боло турган жерлер. Бул каттамдар менен  Анамурда айыл чарбадан тышкары туризм да жанданат",- деди. 

Капитан Аднан Кетенжи да 450 жүргүнчү бата турган паром менен Анамурдан 2 саат 15 мүнөттө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кирения аймагына жетүүнү максат кылгандарын айтты.

Аптасына 4 күн, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү боло турган саякаттарда деңиз автобусу Анамур пристанынан Кирения портуна Түркия убактысы боюнча саат 11.00дө (Tүркия убактысы боюнча) жана Кирения портунан Анамурга саат 18де жөнөйт.



Тектеш кабарлар