ТРТнын башкы директору жаңыдан дайындалды

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин башкы директорлугуна профессор доктор Мехмет Захид Собажы дайындалды.

1675284
ТРТнын башкы директору жаңыдан дайындалды

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТнын башкы директорлугуна профессор доктор Мехмет Захид Собажы, ТРТ башкаруу кеңешинин төрагалыгына профессор доктор Ахмет Албайрак дайындалды.

Ибрахим Эрендин 4 жылдык кызмат мөөнөтүнүн толушу менен бошогон ТРТ башкаруу кеңешинин төрагалыгы жана ТРТнын  башкы директорлугу менен башкаруу кеңешинин мүчөлүктөрүнө жаңыдан дайындоолор болду.

Президент Р. Т. Эрдогандын кол коюшу менен ТРТнын башкы директорлугуна Собажы, ТРТнын башкаруу кеңешинин төрагалыгына Албайрак дайындалды.

Ибрахим Эрен 4 жыл ТРТнын башкы директордун орун басары, 4 жыл башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директор болуп 8 жыл ТРТга кызмат кылды.



Тектеш кабарлар