Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат
Акыркы 24 саатта вирустан 59 киши көз жумду.
1672943
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 59 киши көз жумду.
Бир сутканын ичинде 228 миң 826 тест жасалып, 5 миң 670 кишиде вирус аныкталды.
Акыркы 24 саатта айыккандардын саны болсо 5 миң 126 болду.
Түркияда бүгүнкү күнгө чейин биринчи, экинчи жана үчүнчү дозада жалпы 57 миллион 19 миң 923 вакцина сайылды.