Эрдоган Нью-Йортогу жолугушууларын улантууда
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 79-Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган Эрдоган жолугушууларын Түркевиде улантууда.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 79-Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган Эрдоган жолугушууларын Түркевиде улантууда.
Бул жерде президент ирандык кесиптеши Пезешкиан менен жолугушту.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган жолугушууда Түркия менен Ирандын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштардын эки өлкөнүн карым-катнаштарында ар дайым оң чагылдырылганын белгилеп, жаңы мезгилде эки өлкөнүн кызыкчылыгына шайкеш келген кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө баа берилерин жана карым-катнаштардын ар тармакта өнүгүп, алдыга жылаарына ишенерин билдирди.
Президент Эрдоган Израилдин аймактагы тынчтык жана ырааттуулукка коркунуч келтирген агрессиясына каршы тынчтыкка кызмат кылган кадамдардын ташталышынын маанилүү экенин баса белгиледи.
Израилдин Палестина жана Ливан жерлеринде кылып жаткан зордук-зомбулуктарын тез арада токтотуу үчүн эл аралык коомчулуктун үнүн эл аралык укук, дипломатия жана адам укуктарынын негизинде бийигирээк көтөрүшү керектигин белгилеген Эрдоган, Газада баш болгон Израиль кыргындары болгон Палестина аймактарында жарандарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Түркиянын аракеттерин арттырууну улантканын белгиледи.
Эрдоган андан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольцту кабыл алды.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгы жасаган билдирүүдө «Жолугушууда Түркия менен Германиянын карым-катнаштары, Израилдин Палестина жерлерине, өзгөчө Газага системалуу кол салуулары, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин жанданышы, аймактык жана глобалдык маселелер каралды. /.../ Президент Эрдоган Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы карым-катнаштарды жандандыруу керектигин, өзгөчө виза маселесинин тез арада чечилиши үчүн Германиядан колдоо күтүлгөнүн айтты»,-деди.
Эрдоган Албаниянын премьер-министри Эди Раманы да Түркевиде кабыл алды.
Кабыл алууда Түркия менен Албаниянын ортосундагы карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.
Президент ошондой эле Кувейттин мураскер ханзаадасы шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабахты жана Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Ханды кабыл алды.
Жолугушуулар басма сөзгө жабык өттү.