Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» атындагы аэропортто күнүмдүк жүргүнчү саны 100 миңге чукулдады

Ковид-19 эпидемиясында нормалдашуу процесси жана эмдөө аракеттеринин тездеши авиация тармагын да жандантты.

1669903
Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» атындагы аэропортто күнүмдүк жүргүнчү саны 100 миңге чукулдады

Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» атындагы эл аралык аэропортто кечээ 99 миң 506 жүргүнчү ташылып жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиялык мезгили боюнча рекорд жаңыланды.

Ковид-19 эпидемиясында нормалдашуу процесси жана эмдөө аракеттеринин тездеши авиация тармагын да жандантты.

99 миң 506 жүргүнчү кечээ Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» аэропортун колдонду. Бул сан Ковид-19 эпидемиясы учурунда жана 2021-жылы «Сабиха Гөкчен» аэропортун колдонгон эң көп жүргүнчү катары катталды.

Буга ылайык, 4-июлда саякаттаган ички жүргүнчүлөрдүн саны 63 миң 648, ал эми эл аралык жүргүнчүлөрдүн саны 35 миң 858 болгон. Ошол эле күнү аэропортто 660 рейс аткарылды.



Тектеш кабарлар