Түркия пандемияга карабастан алдыга жылды

Эрдоган Сакариядагы ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1668921
Түркия пандемияга карабастан алдыга жылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Пандемия учурунда жада калса өнүккөн өлкөлөр дагы айласы кетип турганда, биз Түркияны ар тармакта алдыга алып чыктык», деди.

Эрдоган Сакарияда курулушу аяктаган долбоорлордун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы эмдөө аракеттеринин тездик менен уланып жаткандыгын белгилеп: «Буюрса жакында өзүбүздүн вакцинабызды чыгарабыз. Азыр 18 жаштан жогорку курактагы бардык адамдарга эмдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө жетиштик. Жарандарымдан вакциналарын тезирээк алуу менен өзүлөрүн жана өлкөбүздү ушул пандемия коркунучунан коргоосун күтөмүн», деди.


Этикеткалар: #Эрдоган Сакарияда

Тектеш кабарлар