Акар: «Афганистандагы аэропортко байланыштуу сүйлөшүүлөр улантылат»

Акар Кыргызстанга жана Тажикстанга жасаган расмий сапарлары менен күн тартибиндеги темаларга баа берди.

1668584
Акар: «Афганистандагы аэропортко байланыштуу сүйлөшүүлөр улантылат»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ооганстандагы «Хамид Карзай» эл аралык аэропортунун иши жана коопсуздугу боюнча сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын билдирди.

Акар Кыргызстанга жана Тажикстанга жасаган расмий сапарлары менен күн тартибиндеги темаларга баа берди.

Тыгыз өткөн сапарларында чын ыкластуулук менен тосулуп алгандарын белгилеген Акар, Кыргызстанда жана Тажикстанда көрсөтүлгөн меймандостукка ыраазычылыгын билдирди.

Акар Афганистандагы «Хамид Карзай» эл аралык аэропортун Түркия 6 жылдан бери иштетип келе жаткандыгын баса белгилеп: «Биздин урматтуу президентибиз НАТОнун саммитинде белгилегендей, айрым шарттар жана маселелер бар. Биз бул маселе боюнча ниетибизди билдирдик. Эгерде ушул шарттар аткарылса, анда кала бере тургандыгыбызды айттык. Ушул мааниде ар кайсы өлкөлөр менен байланыштарыбыз уланууда», деди.



Тектеш кабарлар