Жашыл категорияда изделген террорист багынып берди

Бул туурасында Ички иштер министрлиги маалымат берди.

1660481
Жашыл категорияда изделген террорист багынып берди

Террордон изделгендердин тизмесинде жашыл категорияда орун алган жикчил террордук уюм ПКК/KЖKнын мүчөсү, ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында багынып берди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, министрликтин координациясы менен жүргүзүлгөн ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында ПКК/КЖКдан качып чыккан "Эрдал Угур" каймана аттуу Өзгүр Абиктин Мардиндеги коопсуздук күчтөрүнө багынып бергендиги белгиленди.

Билдирүүдө 2009-жылы террордук уюмга кошулуп, Иракта жана Сирияда жүргөн террористтин акыркы жолу уюмдун Гап-Риха аянтындагы жооптуусу катары кыймыл кылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар