Эмине Эрдоган Антальяда лидерлердин жубайлары менен жолугушту

Эмине Эрдоган, коронавирус пандемиясы менен күрөшүлүп жаткан ушул күндөрү бетме-бет жолугуша алуунун абдан баалуу экендигин айтты.

1660763
Эмине Эрдоган Антальяда лидерлердин жубайлары менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Анталья Дипломатия форумуна катышкан лидерлердин жубайлары менен жолугушту.

Программада сөз сүйлөгөн Эмине Эрдоган, коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен күрөшүлүп жаткан ушул күндөрү бетме-бет жолугуша алуунун абдан баалуу экендигин айтты.

Биринчи айым Эмине Жер Ортолук деңиздин улуу цивилизацияларды кабыл алган уникалдуу аймак экендигин баса белгиледи.

Түркиянын бардык аракеттери Жер Ортолук деңизин тынчтык деңизине айлантуу жана аймактагы туруктуулукту камсыз кылуу экендигин билдирген Эмине Эрдоган: «Бүткүл дүйнө жүзүндө бейкалыс пикирлер, расизм күчөп жатканда биз сүйүү тили үстөм болушун каалайбыз. Дүйнө жүзүнө ушул тынчтык климаты керек. Бул натыйжалуу дипломатия менен гана мүмкүн болот», - деди.

Эмине Эрдоган лидерлердин аялдарына чокто бышырылган салттуу түрк кофесин тартуулады.



Тектеш кабарлар