Гарада террористтерге сокку урулду
Улуттук Коргоо министрлиги: «Террорчулар үчүн эч бир жер коопсуз эмес!»
1654021
Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрү болгон эки террорист зыянсыздандырылды.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Террорчулар үчүн эч бир жер коопсуз эмес! Түрк Куралдуу Күчтөрүбүз менен Улуттук Чалгындоо Уюмубуздун координациясындагы иш-аракеттердин натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында аныкталган 2 ПКК террористи абадан жүргүзүлгөн операцияда таасирсиз кылынды»,делди.
Улуттук Чалгындоо Уюму да 6-июнда дагы бир ийгиликтүү операция жүргүзүп, террористтик уюм ПККнын жетекчиси жана Махмурдун генералдык жооптуусу "Доктор Хусейин" каймана аттуу Селман Бозкырды зыянсыздандырган болчу.