Эрдоган Экология күнүндө ачылыш аземдерине катышты

Эрдоган тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1652286
Эрдоган Экология күнүндө ачылыш аземдерине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, пандемия учурунда жашыл аянттар ​​адамдарга кудум дем алуу түтүкчөсү болгонун айтты.

Президент Эрдоган, Стамбулда 5-июнь Дүйнөлүк экология күнүнө карата өткөрүлгөн тобу менен ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, бүгүн 10 башка коомдук сейил бакты ачкандарын белгилеп: «Ушул пандемиялык мезгилде биздин ооруканалар улутубуздун ден-соолугун коргоодо чоң мааниге ээ болгондой эле, коомдук сейил бактарыбыз менен бирге биздин жашыл аянтчаларыбыз да элибизге кудум дем алуу түтүкчөсү болду»,- деди.

Ачылган парктар менен сейил бактардын абанын булганышынын азайышында чоң роль ойногонун баса белгилеген Эрдоган, шаардын борборлорунда жайгашкан коомдук бакчалардын кырсык болгон учурда чогулуучу аянтча катары да кызмат кыла тургандыгын түшүндүрдү.

Президент учурда 80 коомдук сейил бактын курулушу жүрүп жаткандыгын, 183 сейил бакка байланыштуу иштердин да долбоор жана тендердик баскычында экендигин билдирди.

Барган сайын кеңейип бараткан велосипед жолдорунун жардамы менен үзгүлтүксүз транспортторду камсыз кылгандарын белгилеген Эрдоган: «Жакында Европанын велосипед тармагына байланышкан долбоорубузду ишке ашырабыз. Эдирнеден велосипедге түшкөн жарандарыбыз Хаккариге чейин велосипед менен бара алышат»,-деди.



Тектеш кабарлар