Эрдоган Чамлыжа мунарасынын ачылышына катышты

Эрдоган сөзүндө июнь айынын аягында Канал Стамбулдун пайдубалы түптөлө тургандыгын да маалымдады.

1648013
Эрдоган Чамлыжа мунарасынын ачылышына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, июнь айынын аягында Канал Стамбулдун пайдубалынын түптөлөрүн билдирди.

Европадагы эң бийик түзүлүш болгон Стамбулдагы Чамлыжа мунарасы, президент Эрдогандын катышуусунда пайдаланууга берилди.

Эрдоган ачылыштагы сөзүндө телерадио, медиа уюмдары жана байланыш операторлорун тейлей турган Чамлыча мунарасынын Түркия менен Стамбул үчүн пайдалуу болушун каалады.

Түркияда гана эмес, бүткүл дүйнөдө үлгү боло турган бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырышкандарын айткан Эрдоган, байланыш жана телерадиоберүү иш-аракеттеринде бирдиктүү берүүчү жай моделине өткөн бул мунаранын жардамы менен визуалдык булгануунун жоюлганын айтты.

Эрдоган ушул эле моделди шарттары бар жерлерде өлкөнүн жалпысына кеңейтүүнү пландаштырып жатышканын, ошону менен экологиянын булгануусуна жол бербей тургандарын жана тейлөө сапатын жогорулатышаарын билдирди.

Босфорду караган көрүнүштө деңиз деңгээлинен 587 метрге жеткен бул мунаранын, бир эле учурда Стамбулдагы эң бийик имарат наамына ээ экендигин айткан Эрдоган, мунаранын ичиндеги социалдык объектилердин да түрк туризмине чоң салым кошоорун белгиледи.

Июнь айынын аягында Канал Стамбулдун пайдубалы түптөлө тургандыгын да маалымдаган президент: «Канал Стамбулду Стамбулга алып келгенде, Стамбулдун географиялык, стратегиялык жана табигый кооздугу дагы бир эсе жогорулайт»,-деди.



Тектеш кабарлар