Түркия Сириядагы шайлоого байланыштуу билдирүү жасады

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү.

1646252
Түркия Сириядагы шайлоого байланыштуу билдирүү жасады

Түркия бүгүн Сирия режими тарабынан өткөрүлгөн шайлоонун легитимсиз экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Бүгүн Сирия режими тарабынан өткөрүлгөн шайлоо элдин эркин билдирбеген легитимсиз мүнөзгө ээ», деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө эркин болбогон жана адилетсиз шартта өткөрүлгөн бул шайлоонун, Сирия жаңжалын саясий жол менен чечүүгө карата Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2254 резолюциясына туура келбегени сыяктуу режимдин саясий процесске байланыштуу калыс эмес мамилесин дагы көрсөткөндүгү белгиленди.

Билдирүүдө, режимдин жасалма мыйзамдуулукка ээ болуу аракетине жол бербөөнүн жана БУУнун көмөгү астында сириялыктардын лидерлигинде жүргүзүлгөн саясий процесстин үзгүлтүксүз улантылышынын маанилүүлүгү баса белгиленип: «Түркия бул багыттагы аракеттерин Сирия эли менен тилектештикте чечкиндүү түрдө улантат», делди.



Тектеш кабарлар