Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа социалдык медиа эсебинен вакцина боюнча түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалымат берди.

1643894
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 231 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 46 миң 71 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 216 миң 658 тест жасалып, 835 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 8 миң 697 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 14 миң 472 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 13 миң 111ге жогорулады.

Ошол эле учурда саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа социалдык медиа эсебинен вакцина боюнча түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалымат берди.

Министр Кожа коронавируска каршы иштелип чыккан 100 миллион доза Sinovac, 120 миллион дозасы BionTech жана 50 миллион дозасы Sputnik вакциналары үчүн түзүлгөн келишимдин,

"270 миллион доза вакцина биздин калктын санынан үч эсе көп. Бул күчкө ишениңиз", - деди.

Саламаттык сактоо министри эгер жарандар өз кезегинде эмдөөдөн өтсө, эпидемиянын кыйратуучу таасири ушул жайда токтошу мүмкүн деп билдирди.



Тектеш кабарлар