Президент Эрдоган Рим папасы менен сүйлөштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, президент Эрдоган сүйлөшүүдө Палестинада мыкаачылык болгонун жана Израилдин кол салуусунун палестиналыктар гана эмес, бардык мусулмандар, христиандар жана адамзатка багытталганын айтты.

1640843
Президент Эрдоган Рим папасы менен сүйлөштү

Президент Режеп Тайип Эрдоган Папа Франциск менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Израилдин Палестинага жасаган кол салуулары талкууланды.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, президент Эрдоган сүйлөшүүдө Палестинада мыкаачылык болгонун жана Израилдин кол салуусунун палестиналыктар гана эмес, бардык мусулмандар, христиандар жана адамзатка багытталганын айтты.

Акса мечити жана Ыйык Кабир чиркөөсүнө жол тоскон, сыйынуу эркиндигин чектеп, Палестина жерлериндеги бейкүнөө жарандарды өлтүргөн баскынчы Израилдин адамзат сыймыгын да тебелегенин баса белгилеген президент Эрдоган, Израиль себеп болгон бул жапайычылыктын ошондой эле аймактык коопсуздукка коркунуч келтиргенин белгиледи.

Президент Эрдоган Израилдин Кудстун статусун бузган мыйзамсыз жана адамгерчиликсиз иш-аракеттери тез арада токтотулуп, ыйык жерлерге кол салуудан тартынбаган Израилге каршы бүткүл адамзат биригиши керектигин айтты.

Эл аралык коомчулук Израилге татыктуу каршылыкты көрсөтүп сабак бериши керектигин жана бул багытта конкреттүү кадамдарды жасашы керектигин баса белгилеген президент Эрдоган, Түркия катары бардык күч-аракетин ушул багытта топтогонун жана бардык тиешелүү тармактарда интенсивдүү дипломатиялык иш-чараларды жүргүзүп жатышкандыгын,бирок Эл аралык платформалар, айрыкча Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши зарыл болгон жоопкерчиликти сезе албай жатышканын билдирди.

Эл аралык коомчулук адамзатка каршы кылмыш кылган Израилди керектүү санкциялар менен жазалабаса, Палестиналыктар кыргынга учурай берерин баса белгилеген Президент Эрдоган, бул багытта Рим папасы Францисктин билдирүүлөрү жана реакциялары христиан дүйнөсүн жана эл аралык коомчулукту мобилизациялоо жагынан чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.


Этикеткалар: #Франциск , #Эрдоган

Тектеш кабарлар